Нарында 47 жаштагы кишини топурак басып калып каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Кара-Чий айылынын 47 жаштагы Н.А. аттуу тургуну үйүнө суу киргизүү үчүн жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сөөгүн чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.
Жерине 3 куткаруучу тартылган.