Ош облусунун Кара-Кулжа айылында эки кабаттуу турак үй, сарай жана жеңил унаа күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен улгайган киши жабыркады дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
Маалым болгондой, 1-июнда аянты 232 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу турак үй, шифер менен жабылган сарайдын чатыры жана Дэу Нексия унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1959-жылы туулган О.А. жабыркап, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилген.
Өрттүн себеби - электр жабдууларын техникалык колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.