Ошто жарандын денесине зыян келтирген деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто жарандын денесине зыян келтирген деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адам аны 8-май күнү Ош шаарынын Исанов көчөсүндө өз-ара пикир келишпестиктен улам бир нече жолу уруп, денесине зыян келтиргендигин жазган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, ден соолуктун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил дене жаракаты деп аныкталган. Аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, шектүү катары Ош шаарынын 44 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну кармалган.

Шектүү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде тургандыгы, мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Ал өзүнүн кылмыштуу аракети боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан