30-май күнү Токмок шаарындагы Бурана мунарасынан 25 жаштагы кыз кулап каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-май күнү Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бурана мунарасынан кыз кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, ал жерде 1997-жылы туулган С.М. аттуу кыздын каза болуп калганы аныкталган.
Бул факты Чүй РИИБдин маалыматтарды каттоо китепчесине катталган. Тергөөгө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери бул окуянын күбөлөрүн жана кызматкерлерин суракка алганда алар кыз жалгыз келгенин, эч ким жок учурда мунарага чыгып кеткенин, андан соң анын жансыз денесин көрүшкөнүн түшүндүрүшкөн. Милиция кызматкерлери каза болгон кыз Ысык-Ата районунун аймагында жашагандыгын аныкташкан.
Учурда иштин жагдайларын тактоо үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.