14-июнда Бишкекте алгач ирет "Маркетплейс – бул жаңы мүмкүнчүлүк" аталышындагы эл аралык жарманке-конференция өтөт. Мында бир аянтчага тигүү өнөр жайынын өкүлдөрү жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр, ошондой эле Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын 80ден ашык селлери чогулушат.
Иш-чаранын максаты өз ишкерлигин кеңейтүү жана маркетплейстерге чыгуу үчүн жаңы буйрутмачылар менен өнөктөштөрдүү табуу болуп саналат.
“Маркетплейс – бул жаңы мүмкүнчүлүк” жарманке-конференциясында жергиликтүү, ошондой эле Орусиядан чакырылган эксперттер төмөнкүлөр тууралуу айтып беришет:
• маркетплейстер жана аларга алып чыгуу;
• КР тигүү өндүрүшүн КМШ рынокторуна чыгаруу;
• продукцияны маркетплейстерге чыгаруунун ыкмалары;
• эл аралык аянтчаларда соода жүргүзүүнүн тажрыйбасы.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан Орусияга көп көлөмдөгү текстиль товарын жөнөтүп, ал жерде маркетплейстер адаттагы рынок соодасын ээлешти. “Made in KG” бренди көпчүлүк өлкөлөргө белгилүү болуп калгандыктан, ата мекендик өндүрүүчүлөр кийинки жаңы деңгээлге көтөрүлүүлөрү керек. Маркетплейске чыгууга даяр болуп калгандар үчүн өтө зор рынок ачык.
Аталган конференция селлерлер жана өндүрүүчүлөр, өз аудиториясын кеңейтип, жаңы рынокторду багынтууну каалаган ишкерлер үчүн кызыктуу болот. Ошондой эле катышуучулар өз өндүрүшүн маркетплейстерде кеңейтүү үчүн жаңы өнөктөштөрдү жана буйрутмачыларды таба алышат, пикирлештери менен ой бөлүшө алышат, өз товарын жана брендин КМШ рынокторуна жайылтуунун жаңы актуалдуу ыкмалары тууралуу билишет.
Бүгүнкү күндө бул жарманкеге катыша тургандыгын 30дан ашуун ата мекендик компания билдирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
Жамиля Исаева – маркетплейс боюнча үч москвалык мектептин Кыргызстан менен иштөөчү эксперти @jamilya.marketplace
Лилия Ким – Кытай менен ишкерлик кылуунун эксперти, Wildberries жана Ozon-дун учурдагы жеткирип берүүчүсү (поставщиги) @lilyacoach
Күнү: 14-июнь
Ачылыш убактысы: 10:00
Жабылыш убактысы: 17:00
Өткөрүлчү жери: Premier Expo
Event Hall, 7-апрель көч., 2
Жарманкеге катышуу жана / же конференцияга билет алуу суроолору боюнча төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыздар:
+996 700 078 111 Лилия
+996 706 475 375 Жамиля
Иш-чаранын расмий баракчасы: @mpconference
Башкы өнөктөшүбүз - KGCHAIN – кыргыздын биринчи криптовалюта платформасы @kg_chain @iskander_wec14:26.