Бишкек-Ош жолунда ичинде 5 адам бар Lexus 470 унаасы Чычкан суусуна түшүп кетти (фото)

Бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 275-чакырымында Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа Чычкан суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Чычкан капчыгайында катталган кырсыкта унаанын ичинде 5 адам болгон, анын ичинен 2 адам жеңил жаракат алып "Тез жардам" кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген. Бактыга жараша, каза болгондор жок.

Унаанын ээсинин кайрылуусу менен Чычкан суусунан чыгарып берүүгө көмөк көргөзүү үчүн жерине 5 куткаруучу жана 23-жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, ИИМден 1 экипаж тартылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Натыйжада сууга түшүп кеткен унааны чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан