Бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик тарых музейинде кыргыз элинин атактуу төкмө акыны
жана комузчусу Калык Акиевдин 130 жылдыгына арналган “Залкар төкмө акын,
комузчу” аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Анда Калык Акиевдин фотосүрөттөрү, ырлар
жыйнактары, комузу, кемер куру, камчысы жана улуу төкмө акын тууралуу жазылган
китептер коюлду.
Көргөзмөгө төкмө акындын туугандары, өнөр адамдары, кыргыз тарых
музейинин кызматкерлери жана студенттер катышты.Көргөзмөнү уюштуруу
аракети КРнын мамлекеттик тарых музейинин, КРнын мамлекеттик борбордук архиви
жана КРнын улуттук китепканасынын кызматкерлери тарабынан ишке ашкан. Андагы айрым буюмдарды музейге
Калык Акиевдин туугандары беришкен. Бул көргөзмө жаңы жылга чейин уланат.
Белгилей кетсек, кыргыз акындар поэзиясынын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген чебер комузчу
жана төкмө акын Калык Акиев (1883-1953) Жумгал районуна караштуу Кара-Ой деген
жерде туулган. Ал 14 жашынан тарта элдин оор турмушу тууралуу ырларды чагылдыра
баштаган. Чыгармачылыкта анын устаты, ыр ырдоодо ага ар кыл ыкмаларын үйрөтүп, туура
багыт берген Токтогул болгон. Токтогул менен болгон “Саламдашуу”, “Карымшактыкындагы
ыр”, “Анжыян тарабында”, “Бакачы дыйкан Кебекчи”, “Коштошуу” аттуу алым сабак
айтыштары бар.
Мындан тышкары
акындын айтуучулук шыгы “Жаныш-Байыш”, “Курманбек”, “Кедейкан” эпосторунан, “Ак
мөөр”, “Карагул ботом”, “Өмөр жана Болот”, “Бир асыл”, “Карач дөө”, “Өлбөс
баатыр”, “Шырдакбек” аттуу эпикалык поэмалары менен дастандарынан көрүнгөн.