Жактоочу Камиль Рузиев Караколдо күйөөсү тарабынан аёосуз сабалган келинди тергөөчү жабырлануучу деп тааныганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, шаардык ички иштер бөлүмү Айзат Үсөнбаеваны кыйноо фактысы боюнча жабырлануучу тарап деген токтом чыгарган.
Эскерте кетсек, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аял жолдошу аёосуз сабаганын маалымдаган.
Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (Кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 1 айга камакка алынган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү.