Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы 48 сааттын ичинде каралат

Коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев УКМКнын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди. Бул турасында Башкы прокуратура тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасын тандоо 48 сааттын ичинде каралат.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бир кылмыш иши "коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "опузалап пара алуу беренеси", төрт кылмыш иши "кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан