Кечээ, 2-июнда Токмок шаарында окуучуларга чагылган тийип 13 жаштагы кыз каза болгондугу, ал эми 2 окуучу ооруканада экени белгилүү болгон.
Окуянын күбөлөрү билдиргендей, окуучулар бактын алдына жаандан корголоп турушкан. Окуучулардын жанында мугалими болгон жана ал кырсык учурунда эсин жоготуп, ооруканада гана өзүнө келген.
Бүгүнкү күнгө карата ооруканага түшкөн 17 жаштагы баланын жана 13 жаштагы кыздан абалы туруктуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.