Ысык-Көлдө тоноого шектүүлөрдүн бири 2 айга камакка алынып, шериктери үй камагында калтырылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында тоноочулукка шектүүлөр унаа уурдоого да аракет кылышкан. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда шектүүлөрдүн бири 2 айга камакка алынды.

Маалым болгондой, Каракол ШИИБине жергиликтүү тургун кайрылып, 29-майда саат 05:30 чамасында короосунда турган Хонда Аккорд унаасын белгисиз адамдар айдап качууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген.

Арыз 211-берене (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 21 жаштагы Т.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Анын жанынан Редми уюлдук телефону, 4800 сом акча табылып, далил зат катары алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө алынган заттар 28 жаштагы К.К. аттуу жаранга таандык экени такталган. Аталган жаран милицияга арыз менен кайрылып, аны 3 бала сабап, денесине жаракат келтиргенин, күч колдонуу менен телефонун жана акчасын тоноп кеткенин билдирген.

Алгачкы суракта шектүү катары кармалган Т.Н. унааны уурдаганга аракет кылуудан сырткары 18 жаштагы эки шериги менен биргеликте тоноочулук кылганын моюнга алган.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү Т.Н. 2 айга камакка алынып, анын шериктери үй камагында калтырылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан