Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу уланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тажик тарап оор аскердик техникаларын чек ара тилкесине алып келүүдө.
"Ведомство кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат", - деп билдиришти атайын кызматтан.
Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алды.