Коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жактоочулары киргизилбей жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июнда саат 9:00дө 2 жактоочу Башкы прокуратуранын имаратынын алдында саат 13:00гө чейин турушкан. Бирок аларды уруксат жок деп имаратка киргизишкен эмес.
Жактоочунун айтымында Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралышы мүмкүн.