Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасында орун алган ок атышуу токтоду. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, саат 14:15ке карата Баткен районундагы Булак-Башы айылындагы чек ара тилкесиндеги ок атышуу токтотулду.

Саат 14:07де тараптардын чек ара бөлүктөрү ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан тажик тарап кыргыз тарапты саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Учурда жеринде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бүгүн, 3-июнда Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан