Бишкекте психотроптук зат менен жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери 2022-жылдын май айында абактарга кара куурай тобунун баңги каражаттарынын ири партиясын жеткирүү менен алектенген баңги топтору тууралуу маалымат алышкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 26-майында атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө Бишкек шаарында 1984-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. аттуу жаран кармалды.
Жеке тинтүү жүргүзүүдө андан сырткы белгилери боюнча жаңы психоактивдүү затка окшош, жалпы салмагы 8 грамм болгон ак порошок табылган. Соттук-химиялык экспертиза алынган зат психотроптук зат экенин аныктаган. Кармалган жаран Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.