Прокуратура: "Алымкадыр Бейшеналиев орун басарынан 1 миллион сом пара талап кылган"

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орун басары Улук-Бек Бектургановдон 1 миллион сом пара талап кылганын билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Башкы прокуратурага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов арыз менен кайрылып, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап андан өзүнүн кызматтык бөлмөсүнө бир нече ирет чакырып, ээлеген кызматынан кетирүү тууралуу коркутуу менен басым жасап, 1 миллион сом пара берүүсүн талап кылгандыгын билдирген.

"Өз учурунда У.Бектурганов ээлеген кызматынан кетүүсүнөн жана ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, аны 2021-жылдын 8-июлунда Бейшеналиевдин ооз эки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө берген", - деп жазылат билдирүүдө.

Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалды. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бир кылмыш иши "коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "опузалап пара алуу беренеси", төрт кылмыш иши "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан