Ош облусунун Ноокат районунда белгисиз жарандар эки жарандын бутуна ок атуучу курал менен атып кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын нөөмөт бөлүмүнө бүгүн эртең менен саат 09:00дө Ноокат РИИБинин кызматкери Ноокат шаарынын Алимбаев көчөсүндө эки адамдын бутуна белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып кеткендигин билдирген.
Аталган маалымат Ноокат РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерде Тойота-Авенсис жана ДЭУ Нексия үлгүсүндөгү унаалары кагылышкан абалда турган.
"Алдын ала текшерүү учурунда Ноокат шаарынын 30 жаштагы Н.И. аттуу тургуну бүгүн саат 08:40 чамасында үйүнөн чыгып, баштык жана кол сумкасы менен Ноокат районунун борбордук базарына бара жаткан. Ал Алимбаев көчөсүнүн жанына жеткенде аркасынан ак түстүү ДЭУ Нексия үлгүсүндөгү унаасы кууп келип, каршы багытта көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан П.Х.нын башкаруусундагы Тойота-Авенсис үлгүсүндөгү унаасы менен кагылышуу жасаган.
Ошол учурда ДЭУ Нексия унаасынан белгисиз жаран түшүп, Н.И. менен кармашып жатканда, экинчи жаран түшүп, Н.И.нин сол бутуна ок атуучу курал менен бир жолу аткан. Андан кийин Тойота-Авенсис унаасынын айдоочусу П.Х. унаадан түшкөн учурда аны дагы сол бутуна белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу аткан. Андан соң үч жаран Н.И.нин колундагы баштыкты алып Алимбаев көчөсү менен түндүк тарапты карай жөө качып изин жашырып кетишкен", - деп жазылат милициянын маалыматында.
Жараат алган жарандар "Тез жардам" кызматы менен аймактык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы орто.
Белгисиз жарандар карактап кеткен Н.И.ге таандык баштыкта 60 миллион өзбек суму (450 миң сом) болгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.