Австралиянын Мельбурн шаарындагы Marvel Stadium аренасында жеңил салмактагы Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышат.
Андагы маалыматка таянсак, Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамына австралиялык Жорж Камбоссо (кичүүсү) жана америкалык Девин Хэйни беттешкен.
12 раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти бир добуштан Девин Хэйниге ыйгарышкан.
Маалыматта Камбоссо реванш жарыялоого укугу бар экени айтылат.