Футбол: Украина Катарда өтө турган Дүйнө чемпиондугунан четтеди

Футбол боюнча Уэльс курама командасы Катарда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна жолдомо үчүн өткөн плей-офф баскычынын финалында Украинаны жеңип алды.

Жалгыз гол беттештин биринчи бөлүгүндө кирди. 35-мүнөттө Уэльс курама командасынын чабуулчусу Гарет Бэйл Украинанын дарбазасына айып сокку узатты. Топ Украинанын капитаны Андрей Ярмоленконун башына тийип, дарбазага кирип кетти.

Муну менен Уэльс курама командасы тарыхында экинчи жолу Дүйнө чемпиондугуна чыкты. Бул команда биринчи жолу 1958-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышып, анда чейрек финалга чейин жеткен.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Катарда ушул жылдын 21-ноябрынан 18-декабрына чейин өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан