"Баарына рахмат!". Өзбекстандык клуб Ошто өзгөчө билдирүү калтырып кетти (фото)

Ош шаарында өткөн "Мэрдин Кубогу-2022" турнирине катышкан Өзбекстандын "Анжиян" футболдук клубу көңүл жылытарлык билдирүү калтырып кетти.

Оюндан кийин чечинүүчү жайга өзбекстандык клуб "Баарына рахмат!" деп жазып кеткен.

Ошто биринчи жолу "Мэрдин Кубогу-2022" эл аралык мелдеши 2-июндан 5-июнга чейин болуп өттү. Турнирге Кыргызстандан "Алай" жана "Нефтчи" клубдары, Өзбекстандан "Бунёдкор" жана "Анжиян" клубдары катышты.

Жыйынтыгында "Бунёдкор" клубу Кубокту жеңип алса, экинчи орунду "Алай" жана үчүнчү орунду "Нефтчи" клубдары ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан