Бриллиантын алып күрөөканага өткөрүп жиберген. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте ыкчам кызматкерлер алдамчылыкка шектелген аялды кармашты. Ал шаар тургунунун бриллиантын алдоо жолу менен алып из жашырып кеткен дешет Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, 30-майда шаар тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда баасы 1 миң 200 доллар турган бриллиантын Б.Т. аттуу аял сатып берерин айтып, ишенимге кирип алгандан кийин күрөөканага өткөрүп, из жашырып кеткени айтылган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 52 жаштагы Б.Т. кармалып, Октябрь райондук сотунун чечими менен 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды.
Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (505) 22-77-25, 0 (702) 71-73-08 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан