1-июнь: Бакай Банк балдардын сүйүктүү майрамына арналган бир нече мыкты социалдык долбоорлорду ишке ашырды (фото)

Балалык - бул адамдын өмүрүндөгү эң маанилүү жана эң керемет мезгил. Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ар бир өспүрүмдүн көңүлүндө майрам болуусун каалайбыз. "Бакай Банк" мүмкүн болушунча көбүрөөк сандагы балдарга кубаныч жана бактылуу көз ирмемдерди тартуулоо максатында балдардын сүйүктүү майрамына арналган бир нече мыкты социалдык долбоорлорду ишке ашырды.

Биздин көңүл буруубузга муктаж болгон аймактардагы балдарга, анан дагы, албетте, ден соолуктарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга өзгөчө көңүл бурулду. Биздин өнөктөшүбүз, жакын досубуз жана өлкөбүздүн тигүү өндүрүшүнүн лидери болуп саналган Cool Bros компаниясы менен биргеликте биз Балыкчы шаарынын өспүрүм балдары үчүн азык-түлүк жана кийим топтомдорун жыйнадык. Жагымдуу жана керектүү белектер өзгөчө муктаждыктагы балдардын ата-энелерине түз тапшырылды, ал балдардын көпчүлүгү оор дарттарга туш болушкан жана биздин кам көрүүбүзгө абдан муктаж.

Ошону менен бирге биз Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарын дагы кубандырдык. Балдарга жана кыздарга окуу жабдыктары жана китептер тапшырылды. Биздин белектер алардын татыктуу билим алуусуна түрткү болуп, алар өздөрүнүн жашоолорун жана биздин коомду жакшы жакка өзгөртүшөт деп ишенебиз.

Биздин өнөктөшүбүз жана жакын досубуз – Транс Текстиль компаниясы менен биргеликте дагы бир атайын мекемеге – Беловодск айылындагы психо-неврологиялык балдар үй-интернатына оюнчуктарды, кийим, шейшеп, кеңсе товарларын жана башка көптөгөн белектерди алып бардык. Албетте, бир эле жолу барып коюу менен бардык көйгөйлөр чечилип калбайт. Бакай Банктын Кара-Балта шаарындагы филиалынын кызматкерлери ал мекеменин директору менен интернаттын муктаждыктары тууралуу баарлашып, өз каражаттарына керектүү буюмдарды сатып берүү менен аталган мекемеге жардам берүүнү улантууну чечишти.

Биз банктын борбордук филиалынын жанында салтка айланып калган акциябыз жөнүндө дагы унуткан жокпуз. Келген бардык балдарга көгүш түстөгү #BAKAICECREAM балмуздагы жана аба шарлары акысыз таратылып, балдардын көңүлдөрүн көтөрүүчү майрам уюштурулду.

Бакай Банк коомду жагымдуу өзгөртүүгө багытталган корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин болуусун жактайт. Биз өз өлкөбүздүн келечеги үчүн кам көрөбүз. Ал эми балдар – келечектин эң маанилүү бөлүгү. Антуан де Сент-Экзюпери айткандай “Бардыгыбыз балалыктан келгенбиз”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан