Бүгүн, 6-июнда тасмалардын, театрдын жылдызы Альбина Имашова 39 жашка толду. Учурда тасма талаасында жүргөн актрисаны кесиптештери куттуктап, жакшы тилектерин айтышты.
"Курьер" деген тасманы тартуу иштери жүрүп, эртеден бери тасма тааласында жүрөбүз. Куттуктоолор тынбай келип жатат, кечинде жолдошум, кыздарым менен үйдө же бир жерге барып, тар чөйрөдө туулган күнүмдү белгилейбиз. Азырынча белгисиз, балким сюрприздер болуп, башкача болуп кетет", - дейт ал.
Альбина Имашова 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында туулган. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Кыргыз ССР эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 80 жылдык юбилейинде Альбина Имашова 1-жолу сахнага чыккан.
Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы. Кыргыз тасмаларынын көркүн ачкан актриса тасмаларда мыкты ролдорду жаратып, бир топ сыйлыктарга ээ болгон.
Эң биринчи сыйлыгы - "Эң мыкты аялдын образы үчүн". Альбина Имашова 2018-2019-жылдары "Жылдын супер актрисасы" наамын жеңип алган.
Актриса Альбина Имашова тартылган тасмалар: "Беш кемпир", "Той", "Тенгри", "Көпөлөк", "Мегатой", "Баарын кайрадан баштайлы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Такебай", "Мегатой 2" жана башка тасмаларда ролдорду жаратып келген. Акыркы тартылган тасмалары "Күйөө жолдоштор" жана "Өкүл ата".
Актриса: "Режиссёрлор, көрүүчүлөр мени тасмада шакылдаган жеңе же урушчаак аялдын образында көрүп калышты. Чакырганда дал ушундай образга чакырышат. Менин кыялымдагы образ – бул тарыхий чыгармада роль жаратуу", - деген маегинде.
Альбина Имашова 2004-жылы Арнис Кыдырмышевге турмушка чыккан. Түгөйлөр учурда Мадалена, Арууке жана Асман аттуу 3 кыздын ата-энеси.
6-июндун жылнаамасы.