"Бөдөнө тумшук мамагың" деп ырдап кемпирлерден тил уккан. "Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген Малик Аликеев 53 жашта

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Малик Аликеев бүгүн 53 жашка толду. "Мөлмөлүмгө" экинчи өмүр берген ырчыны куттуктап байланышканыбызда рахматын айтып буларга токтолду.

"Учурда Таластамын. Мурда деле туулган күнгө маани берип белгилечүмүн. Бул жолу апамды куттуктадым. Кесиптештерим, күйөрмандарым куттуктап жатышат, ыраазычылык билдирем", - дейт ал.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Кө­пүрө-Базар айылында туулган. Беш бир туугандын кенжеси.

Атасы комузчу, ырчы адам болгон. Убагында Эстебес Турсуналиев менен филармонияда чогуу иштешкен. Бирок Малик Аликеев беш жарымга чыкканда атасы оорудан улам өтүп кеткен. Ырчы болушуна апасынын эмгеги чоң.

"Комуз чертпейм деп да чыккам. Эсимде, 1-классымда концертке катышайын деп, мектепке комуз көтөрүп барсам балдар шылдыңдашкан. Ошондо мен намыстанып, үйгө кайра качып келе бергем. Апам чыбыгын көтөрүп алып “тапкан экенсиң катышпаганды. Атаң деген залкар күүлөрдү черткен. Атаңдын жолун жолдошуң керек” деп мектепке кайра кубалап барган", - дегени бар маектеринин биринде.


Ырчы "Мөлмөлүмдү" 1986-жылы Жаңы жылда Кыргыз драма театрында "Мыскыл жана тамаша" концертинде биринчи жолу ырдап чыккан. Ал башында ырдын маанисин тереңинен билбей эле ырдаган. Бир жолу ырдап бүткөндөн кийин кемпирлерден аябай тил угуп, ошондон кийин чоң концерттерде "бөдөнө тумшук мамагың" деген жерине келгенде кемпирлердин урушканы эсине түшөт да, аттап кетет. Бул үчүн режиссёрдон көп эле уруш уккан. Жашы жыйырмага келип калганда, ошол жерин баса белгилеп ырдай баштаган.

Филармонияда эмгектенип жүргөн Малик Аликеев 2015-жылы Таласка кетет. Ал жакта жүрүп жамбаш сөөгүн кокустатып, кийин төшөккө жатып калат. 2020-жылы ага эки жолу операция жасалат.

Ден соолук менен күрөшкөн ырчыга 2021-жылы ошондогу маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын тапшырган.

2021-жылы Талас шаарында "Мөлмөлүм" аттуу жеке концертин койгон.

Малик Аликеев элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен белгилүү. Жубайы Жаңыл айым экөөнүн ортосунда бир уулу бар.

6-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан