Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болду. Шаардык мэрия окуя боюнча маалымат таратып, комиссия түзүлгөнүн билдирди.
Маалыматка таянсак, №95 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары ата-энелери менен бирге бассейнге барышкан. Иш сапардын жүрүшүндө бир окуучу сууга чөгүп каза болгон.
"Учурда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы бул ишти кароо боюнча райондук билим берүү борборунун, акимчиликтин жана профсоюз комитетинин кызматкерлеринин ичинен комиссия түздү. Комиссия аталган окуяны иликтеп, мектеп жамаатынын жоопкерчилигин аныктайт", - деп жазылат мекеменин маалыматында.