Бишкек шаарынын Шералиев жана Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, анда Lexus GX470 жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.
"Кырсык эртең мененки саат 10:00 чамасында болгон, ал тууралуу маалымат бизге саат 15:30да түштү. Жабыркагандар бар. Унаалар айып короосуна коюлат. Учурда кырсыктын себептерин тактоо иштери жүрүүдө", - дешти мекемеден.