Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка таянсак, милицияга Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 8-апрелде чала тааныш адам алдоо жолу менен ишенимине кирип 24 комплект курулуш каражатын ижарага алып, качып жүргөн жаранга чара көрүү өтүнүчүн айткан.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Шектүү катары 1992-жылы туулган С.А. жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын мындан башка дагы бир катар алдамчылыктарга тиешеси бар экендигин аныкташып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.