Бишкекте көчөдөгү жаранга физикалык күч колдонуп тоногонго шектүү колго түшүрүлдү

Бишкек шаарында тоноочулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 30-май күнү милицияга борбор калаанын тургуну А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында 28-май күнү саат 05:30 чамасында Кулиев көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине жакын жерде физикалык күч колдонуп, 8 миң 490 сомдук Самсунг гелакси А 10 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алгандарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине "тоноо" беренеси менен катталган.

Кылмышка шектелип 1996-жылы туулган С.М. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда. Андан сырткары шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (704) 433-666, 0 (990) 102-388 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан