Бишкекте батирден 90 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Бишкектеги батирлердин биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, маркумдун үйүнүн эшиги бекилип калган.

6-июнда куткаруучуларга Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан батирдин эшиги ачылбай жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине 5 куткаруучу барып, эшикти ачышканда аялдын сөөгү табылган. Маркум 1932-жылы туулган Р.Г. экени такталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлдү дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан