"Жарайт сити" долбоорунун романтиги Алинур сүйүктүүсүнө баш кошуу сунушун жасады

"Жарайт сити" скетч-шоусунун резиденти, актёр, алып баруучу Алинур Абдыкалыков сүйүктүүсүнүн колун сурады. Ал 2 жылдай убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн кызга 6-июнда жакындарынын, досторунун курчоосунда баш кошуу сунушун жасады.

Актёрдун айтымында, иш-чараны жаратылыш койнунда уюштурууга достору, кесиптештери жардам берди, алар болбосо мынчалык жогорку деңгээлде өтмөк эмес.

"Баш кошуу сунушун ушундай форматта уюштурсам деп былтыр эле пландагам. Досторум, кесиптештерим менен бир нече күн даярдандык.

Болочоктогу жубайымдын аты Айдана, жашы 20да. Бишкек кичинекей эле да (күлүп), борбор калаадан таанышып, табышып калганбыз. Мага адамкерчилиги, ыйманы аябай жаккан. Учурда СММ адиси болуп иштейт. Экөөбүз 2 жылдай убакыттан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Жакында ата-энелерибиз жолугуп, той тууралуу сүйлөшүшөт", - дейт ал.

Алинур Абдыкалыков 1992-жылы 15-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Актёр, сценарист жана алып баруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан