Индонезияда өтө турган эл аралык сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Жамиля Жыргалбекова катышат. Бул туурасында "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясы маалымдады.
Аталган дирекциянын билдирүүсүнө ылайык, Индонезиядагы "Miss Grand International" сынагына Кыргыз өлкөсү биринчи жолу катышат. Аталган сынак ушул жылдын октябрь айына белгиленген.
Эл аралык сынакта өлкөнүн намысын коргой турган Жамиля Жыргалбекова былтыр "Кыргызстан сулуусу" сынагында "Биринчи вице-мисс" наамын жеңип, "Miss Grand International-2022" сынагында өлкө намысын коргоо укугуна ээ болгон.
Жамиля Жыргалбекова Кыргыз-Орус славян университетинин 3-курсунда билим алат. Ар кандай долбоорлор менен иштеп, ыктыярчы да болуп келет.