"Ала-Тоо" аквапаркында сууга чөгүп каза болгон окуучунун окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү" жана "керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Андан сырткары соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кетип каза болгон.