Өлкөдө “Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды

Өлкө боюнча "Бандит” аталышындагы рейд өткөрүлүп, 18 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июндан 3-июнга чейин “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Мындай иш-чаралар кылмыштуулукту эскертүүгө, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюуга жана анын бетин ачууга, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөндөрдү жана коомго каршы аракеттерди жасагандарды аныктоого багытталган.

"Аталган операцияны өткөрүү маалында өлкө аймагы боюнча 18 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинде бейбаштык, алдамчылык, тоноо болсо, мурда жасалган 7 кылмыштын бети ачылды. Мүлктүк кылмыштарды жасоо үчүн издөөдө жүргөн 4 адам кармалды.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилди", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан