Бишкекте өтө турган Азия Кубогуна тандоо оюндарына карата эски аянтта чоң LED экран орнотулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал жерден бардык тандоо оюндарын түз алып берүү болот. Күйөрмандар ал жерге барып дагы, чогуу "Ак шумкарларды" колдосо болот.
Кирүү бекер.
Белгилей кетсек, эртең, 8-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстан Мьянма курамасы менен ойносо, Кыргызстан Сингапур менен ойнойт.