ӨКМ: "Сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун иши боюнча 6 аскер кызматкери жумуштан четтетилди"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери тарабынан сабалган жоокер Бекзат Эсенбековдун иши боюнча 6 аскер кызматкери жумуштан четтетилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйында айтты.

"6 аскер кызматкери иштен четтетилди. Биз бардык жоопкерчиликти моюнубузга алабыз. Териштирүү иштеринин натыйжасында дагы аскер кызматкерлери тиешелүү жазаларын алат", - деди ал.

Беловодское айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалганын жакындары айтып чыгышкан. ӨКМ окуя боюнча билдирүү тараткан. Анын бүгүнкү күндө абалы орточо оор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан