Жалал-Абад облусунда чек ара тилкесин мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июнда Сузак районундагы "Пионер лагери" тилкесинде чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө ниеттенген жаран кармалган. Ал Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылган.
Кармалган жаран 1999-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргыз жараны экендиги белгилүү болду.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн атайын органдарга өткөрүп берилген.