Буга чейин социалдык тармакта Ноокат шаарында Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө таандык Рено-Логан үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасынын алдынкы капотуна белгисиз өспүрүм чыгып сүрөткө түшүп жаткан видео тараган.
Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, видеодогу өспүрүмдөрдүн аты-жөнү аныкталды. Алар 16 жаштагы Ж.Е. жана 17 жаштагы К.М. аттуу Ноокат районунун тургундары болгон.
Аталган окуя майда бейбаштык беренеси боюнча Ноокат РИИБде катталып, тергөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-беренеси жана 126-беренеси менен айып протоколдору толтурулуп сот органдарына жөнөтүлдү.
Мындан тышкары башкармалыктын кызматкерлери тарабынан балдарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.