УКМК тарабынан ири өлчөмдө баңгизат сатууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды

УКМК тарабынан баңгизатты ири өлчөмдө сатууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды. Мекеменин маалыматына таянсак, андан 2 килограмм 98 граммм гашиш заты алынган.

"УКМК Кылмыш-жаза кодексинин "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" менен козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, ири өлчөмдөгү баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда Н.К.М. аттуу чет элдик жаран кармалды", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан