Мээ кайнаткан аптапта кыргызстандыктардын көпчүлүгү көлдү карай агылат. Албетте, жай саратаны сууга түшүү менен коштолот. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө негизги эрежелерди эске салат.
Сууга түшүүдө бир нече эрежелерди аткаруу керек:
- Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
- Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
- Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат. Алыс сүзбө;
- Мас абалында сууга түшкөнгө болбойт;
- Баланы суу боюнда кароосуз калтырбоо;
- Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлоо;
- Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
- Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңеш:
- Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт;
- Кескин кыймыл жасабоо керек. Анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
- Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
Эгер жаран кайыкта болсо:
- кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаш керек;
- мас абалда кемеге түшүп сейилдөөгө болбойт;
- сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбоо;
- караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоо.