Чүй облусунун Сокулук районунда 45 жаштагы жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алып, колу байланган абалда табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 8-июнда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылы жакта колу байланган жаран табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам тергөө тобу жабыркаган жаран 1977-жылы туулган Т.М. экендигин такташты. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң аймактык ооруканага жеткирилди.
Бул факты 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектелип Б.Н. аттуу жаран колго түшүрүлдү.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя кошуналардын ортосундагы чыр-чатактан улам болгону аныкталды. Учурда кармалган адам Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", - дешет маалымат кызматынан.