Нарын шаарында экскаватор казган чуңкурда суу өткөрүүчү түтүкчө орнотуп жаткан адамды топурак басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июнда Нарын шаарынын Айгыржал көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде адамды топурак басып калды деген маалымат түнкү саат 23:05те түшкөн.
Аны 4 куткаруучу жана Э.Т. аттуу шаар тургуну куткарып, “Тез жардам” кызматына болжол менен саат 23:30да өткөрүп беришкен.
"36 жаштагы шаар тургуну экскаватор казган чуңкурда суу өткөрүүчү түтүкчө орнотуп жатканда үстүнөн топурак басып калган. Бактыга жараша, ал аман калды", - деп билдиришти ӨКМдан.