Биз социалдык тармакта

Абактагыларга баңгизат ташып жүргөн жаран кармалды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарындагы абактарга баңгизат ыргытуучу каналдарды жоюу боюнча атайын операция өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 01:00дө караул ротасы Чүй облусунун аймагындагы абактардын бирине белгисиз жарандар эки баштыктагы өзгөчө жыттанган, боз-жашыл түстөгү гашиш баңгизатын ыргытканын байкап калышкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат 982 грамм салмактагы гашиш баңгизаты экени аныкталган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышты буга чейин бир нече жолу соттолгон, абактарга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып киргизүү менен алектенген Арс каймана аттуу жаран жасагандыгы белгилүү болгон. Кармалган жаран Токмок шаарынын 1989-жылы туулган Ж.А. аттуу тургуну экени такталды. Ал абактарга гашиш баңгизатын ыргытып жүргөндүгүн моюнуна алды", - деп жазылган маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан