Нарында аткаминерлер мамлекетке 21 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө 21 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жооптуу кызматкерлер Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылына бала бакча курууда жана Кара-Булуң айылынын таза суу системасынын реабилитациялоо менен курулуш иштерин жүргүзүүдө өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 21 миллион 801 миң 901 сомдук зыян келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен 2 кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан