УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда ал комада жатканын Казакпаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, саясий серепчи бүгүн, 9-июнда эртең менен ооруканага түштү.
"Марат Казакпаев "Тез жардам" кызматы менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Ага геморрагиялык инсульт диагнозу коюлду. Учурда комада жатат", - дейт жактоочу.
Эске салсак, 2021-жылы 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган. Кийин кармалган жарандардын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экени белгилүү болуп, ал 14-июнга чейин камакка алынган.