Ош облусунун Ноокат районунда айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Ноокат районунун Он-Эки-Бел айылынын аймагынан жеке турак жай куруу үчүн 30 гектардан ашык айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталган.
Бул кылмыш ишинин алкагында 4-июнда Он-Эки-Бел айыл аймагынын мурдагы башчысы Т.К.Э., жер маселелери боюнча мурдагы адис К.И.Э., Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы спикери, учурдагы депутаты К.Д.Т. жана Он-Эки-Бел айылдык кеңешинин мурдагы депутаты М.К.А. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча айып коюлган. Ош шаардык соту тарабынан 30-июнга чейин УКМКнын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.