Жалал-Абадда самбо боюнча Азия биринчилигинде байгелүү орундарга жетишкен спортчуларды тосуп алышты

Бүгүн, 9-июнда Жалал-Абаддын күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль уткан Бекболсун Керимбековду жана күмүш медалга ээ болгон Таласбек Нуралиевди тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан билдиришти.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу Эрнисбек Зияйдинов, Жалал-Абад ОИИБинин начальниги Ашим Тагаев, машыктыруучулар жана спортчулардын жакындары катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө спортчулардын ийгиликтери Жалал-Абад облусу үчүн чоң жетишкендик экендиги белгиленди. Алардын мындан кийинки боло турган дүйнөлүк чемпиондукта биринчиликти багындыруусу, ал үчүн талыкпастан машыгып, кыргыз желегин бийиктерге желбиретүү тилектери айтылды", - деп жазылат маалыматта.

Күжүрмөн самбо боюнча Азия биринчилиги 2-4-июнь күндөрү Ливан өлкөсүндө өткөн. Анда Бекболсун Керимбеков 98 килограмм салмакта, ал эми Таласбек Нуралиев +98 килограмм салмакта күч сынашкан.

Белгилей кетсек, Бекболсун Керимбеков ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты. Таласбек Нуралиев "Динамо" спорт клубунун тарбиялануучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан