Азия футбол конфедерациясы расмий сайтында жарыяланган катаны оңдоду.
Анда "F" тайпасындагы оюндар Кыргызстанда өтүп жатканы оңдолуп, жазылды.
"Дөлөн Өмүрзаков стадиону, Кыргыз Республикасы", - деп жазылды АФКнын сайтында.
Буга чейин АФКнын расмий сайтында Кыргызстанда өтүп жаткан оюндар Тажикстанда өткөрүлүүдө деп жазылган. Тагыраагы АФК Азия Кубогуна тандоо оюндарынын жыйынтыгын жарыялап, анда Кыргызстанда өткөн Тажикстан - Мьянма жана Кыргызстан - Сингапур беттештери Тажикстанда өттү деп жазылган.