Бүгүн, 9-июнда саат 13:50дө Абдрахманов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбустун линиясы үзүлгөн. Буга байланыштуу №5, 10, 4, 17, 6, 7, 8 троллейбустарынын каттамдары убактылуу токтотулду.
Мэриянын маалыматына ылайык, кырсык болгон жерге байланыш бригадасы барган. Троллейбус линиясындагы тыныгуу бөлүгүнүн чоңдугуна байланыштуу оңдоо иштери уланууда.
Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.