Ысык-Көл облусундагы Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районун басып өткөн Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунда Volvo менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Комсомол айылында таңкы саат 5:55те болгон кырсыктын кесепетинен 4 адам, тактап айтканда 3 эркек жана 1 аял каза болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.