Гүлжигит Алыкулов Сингапур менен болгон оюн тууралуу: "Пас берчү жерден дарбазага тээп салып жаттым"

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Азия Кубогуна тандоо оюнундагы Сингапурга каршы беттештен кийин маек берди.

Маегинде футболчу пас берчү жерден дарбазага тээп салып жатканын айтты.

"Оюндан кийин беттешти көрүп, анализ кылдым. Пас берчү жерден дарбазага тээп салып жаттым. Пас бериш керек болчу экен. Анан мага көптөгөн машыктыруучулар башымды өйдө көтөрүп ойноо керектигин айтышты. Кийинки оюндарда мен өзүмдүн катамды оңдоого аракет кылам", - деди Гүлжигит Алыкулов.

Буга чейин көптөгөн социалдык тармактын колдонуучулары Сингапур менен болгон оюнда Гүлжигит Алыкулов жакшы эле каршылаштарды аралап өтүп, пас берчү жерден гана дарбазага тээп салып жатканын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан